Чүй облусуна караштуу Петровка айылында 322 гектардан ашуун эгин талаасы күйүп кетти.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 12-июлда кабарлады. Маалыматка караганда, министрликтин Москва райондук бөлүмүнө 8-июль күнү түшкү саат экиден өтүп айылдын ачык аянтында арпа күйүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүргүүгө 14 кызматкер, төрт трактор тартылган. Натыйжада 322,10 гектар жер күйгөн, анын ичинен 152,71 гектары чабылган арпа болсо 169,39 гектары чабыла элек арпа болгон. Өрт толугу менен 17:30га жакын өчүрүлгөн.
Дыйкандар өрттүн себептерин аныктап, акыйкат иликтеп берүүнү өтүнүп жатышат. Алдын ала маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен 20дай жергиликтүү ишкер жабыркаган. Алар өрт болордун алдында ошол аймактан жүргүнчү ташыган поезд өткөнүн айтышкан. (КЕ)