Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 04:47

Коалициянын жаңы президенти тандалды


Бакыт Рысбеков.

Бакыт Рысбеков “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” жаңы президенти болуп тандалды.

Бул маалыматты “Азаттыкка” Рысбеков өзү ырыстады.

Жаңы жетекчилик аталган уюмдун 22-июнда Бишкекте өткөн жалпы, аймактык жыйынында тандалганы бүгүн,12-июлда маалым болду. Ага коалициянын аймактардагы 91 мүчөсүнүн 83ү катышкан.

Президенттикке Рысбековдон сырткары Галина Давлетбаева, Мира Абдраимованын талапкерлиги көрсөтүлүп, жаңы жетекчи 77 добуш менен утуп чыккан.

Бакыт Рысбеков буга чейин акыйкатчынын Нарындагы өкүлү, Кыйноону алдын алуу борборунун жетекчиси болуп иштеп келген.

1998-жылы түзүлгөн “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы өлкөдөгү бардык шайлоолорго байкоо салып келет. Мындан сырткары сөз эркиндиги, адам укуктарынын сакталышына багытталган иштерди алып барат. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG