Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Ажыкени эмес, илим-билимди ээрчийли


Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Куран принциптеринен эчак эле алыс кетип калган мусулманчылыгыбыздын чылбырын кээ бир түшүнүктөргө, догмаларга, табуларга тарттырып жибергенибиз өкүндүрөт.

Адатта исламдын беш парзы деп аталган келме келтирүү, намаз окуу, орозо тутуу, зекет берүү, ажыга баруу сыяктуу жөрөлгөлөр мусулмандар үчүн эң негизги ибадат, диний жашоосундагы эң башкы түркүктөр катары сыпатталат. Бирок салттуу диний түшүнүгүбүздө буларга ашыкча катуу басым жасалып келгендиктен, исламдын принциптери ушулардан гана түзүлгөндөй түшүнүк калтырган. Бул абал дээрлик бардык мусулман чөлкөмдөрүндө окшош. Муну сынап көрүш үчүн мечитке такай каттаган, диний насааттарды такай уккан калың катмарга сурамжылоо жүргүзүү жетиштүү болот. Менин оюмча, жарымынан көбү исламдын негизги принциптери катары жогорудагыларды айтат болуш керек.

Эң кызыгы - Куранда жогорудагы ибадаттардын парз экендиги айтылат, бирок өзгөчө бул бешөө исламдын түркүгү экендиги айтылбайт. Бул беш принцип аз. пайгамбардын бир хадисинде гана айтылган. Т.а. «ислам беш негиздин үстүнө курулган. Алар - келме келтирүү, намаз окуу, орозо тутуу, зекет берүү жана ажыга баруу» деген мааниде Бухарийдин эмгегинде айтылгандыгы үчүн ушундай принцип калыптанып калган. Бирок, аз. пайгамбардын «Ислам - бул сонун адеп-ахлак» деген да хадиси бар. Т.а. исламда жашоо - сонун адеп-ахлакка ээ болуп жашоо дегенди айтып жатат. Кызыгы, бул принцип да хадисте айтылганына карабастан исламдын негизги түркүктөрүнүн бири катары бааланган эмес. Дагы да кызыгы - мындай олуттуу принциптин исламдын эң негизги булагы болгон Куранга түздөн-түз таяндырылбаганында.

Хадистен мындай тыянак чыгаруу - бул биздин чабалдык. Аз. пайгамбардын методологиясына кыскача токтолук кетүү туура болчудай. Алсак, аз. пайгамбардын «Силердин эң пайдалууңар - Куранды үйрөнгөндөр жана аны башкаларга үйрөткөндөр», «Силердин эң пайдалууңар - аялдарыңарга жакшы мамиледе болгонуңар», «Силердин эң пайдалууңар - коңшулары менен жакшы мамиледе болгонуңар» сыяктуу бир топ хадистери бар. Түз логика менен түшүнгөнгө аракет кыла турган болсок бул амалдардын ичинен бирөө гана эң пазилеттүү болуп тандалышы керек эле. Бирок бул жерде аз. пайгамбар буларды кимдерге, кайсыл убакта айтып жаткандыгын аңдасак, маселе толугу менен түшүнүктүү болот. Т.а. Куран жаттаган окуучуларга барып «... Куранды үйрөнгөндөр жана аны башкаларга үйрөткөндөр», үй-бүлөдө аялдын статусу толук сакталбаган жерде «... аялдарыңарга жакшы мамиледе болгонуңар», ал эми коңшу-колоң менен ынтымак кете баштаган жерде «.. коңшулары менен жакшы мамиледе болгонуңар» деп айтуусу толугу менен мыйзам ченемдүү, Курандын логикасына туура келген көрүнүш. Булардын баарынан бир эле сабак чыгаруу мүмкүн - дурус адам болуу! Айтайын дегеним, исламдын беш шарты деп түшүнүлүп келген жогорудагы хадис деле кудум ушундай эле логика менен, тийиштүү ибадаттарга жетиштүү маани берилбеген кишилерге карата айтылган хадис болушу толук ыктымал. Демек, бул жерден бир хадисти ала калып, Курандын алдына өткөрүп дароо исламдын шарты катары белгилөөгө күчтүү негиз жок.

Билимдүү, ой жүгүртүүсү кенен, дүйнө таанымы кең кишиге бул көрүнүш бир аз өөн учураса керек. Бир жагынан абсолюттуу даанышман, 18 миң ааламды инсан үчүн жараткан, адамга башка эч бир жандыкка берилбеген акылды берген Кудайдын атынан сөз кылынат. Экинчи тараптан бул Кудайдын буюрган дининин эң негизги принциптери -зекет берүүдөн башкасы - баары жекелик мааниге ээ буйруктар экендиги айтылат. Эмне үчүн абсолюттуу боорукер, даанышман Жараткан билимдүү болуу, адептүү болуу, адамдарга жардам берүү сыяктуу коомдук мааниге эмес, көбүнчө жекелик мааниге ээ болгон буйруктарды диндин негизги принциби катары белгиледи экен?

Мусулман дүйнөсүнүн көбүндө мынтип ой жүгүртүү ал кишиге аябай күтүлбөгөн, бир тараптан аянычтуу, бир тараптан күлкүлүү, кээде коркунучтуу жагдайларды жаратып калды. Аныгында мындай суроолорду берүү толугу менен туура жана орундуу. Ал тургай мындай аналитикалык суроолорду бере билүү Курандын жалпы логикасына да туура келет. Алсак, Куранда Ибрагим пайгамбар тууралуу 80ге жакын жерде, ал эми Муса пайгамбар тууралуу 110го жакын жерде сөз кылынат. Башка пайгамбарларга караганда бул эки пайгамбар тууралуу Куранда көп сөз кылынып калышынын себеби - бул эки пайгамбардын бир орток өзгөчөлүгүнөн улам. Ал - аналитикалык ой жүгүртө билүү өзгөчөлүгү болгон. Т.а. бул эки пайгамбар диндин табиятын туура түшүнүүгө, анын табиятын талдоого, майда электен өткөрүүгө аракет кылышкан. Курандагы бул чындыктан улам азыркы күндө «динде акылга, аналитикага орун жок, көп ойлонсоң адашасың, философия каапырдыкка алып барат» деген аң-сезимдеги мусулман бир туугандарды Курандагы максат катары сыпатталган, макталган аң-сезимге ылайыкташууга чакырам. Куран принциптеринен эчак эле алыс кетип калган мусулманчылыгыбыздын чылбырын кээ бир түшүнүктөргө, догмаларга, табуларга тарттырып жибергенибиз өкүндүрөт. Алгачкы буйругу «Оку!» деп башталган китептин өтө аз окулуп жатышы маселенин өзөгүн таамай көрсөтүп турган сыяктанат.

Кетирилген ката

Тилекке каршы, учурдагы мусулман дүйнөсүндөгү көпчүлүктүн диний аң-сезими, дүйнө таанымы Курандын жогорудагы принцибине туура келбей калды. Бул үчүн калың катмарды эмес, тарыхтан ушул күнгө чейин уланып келген аты башка, бирок заты бирдей, аларга кожо сөрөй болуп көрүнүп, аларга жол көрсөтүмүш болуп келгендерди айыптагым, сындагым, жоопко тарткым келет. Алар тарыхта калды, өлдү. Аларды кантип жоопко тартмак элек? Муну алар калтырып кеткен диний «маданиятты» дароо эле туура деп эсептеп албастан, аны суракка алуу, сынчыл көз караш менен электен өткөрүү аркылуу жүзөгө ашыруу мүмкүн.

Эркин ой жүгүртүп, ар бир адамдын адашып калышы мүмкүн экендигин, ошол себептүү бирөөнүн эмес, ар кимибиз өзүбүздүн акылыбызга ишенишибиз керек экенин айта калсам эле дароо «...алар аалым болгон, алар ошол Куранга карап сүйлөшөт, алар түшүнөт, биз түшүнө албайбыз...» деген сыяктуу, мусулманды накта капканга жетелеген нерселерди айта калышат. Тарыхтагы аалым деп аталып калган, учурдун молдокелери сагындырбай эмгектерине шилтеме жасап турган кишилер аныгында кимдер? Аалым деп кимди айтабыз өзү? Бардык мусулмандар тарабынан орток кабыл алынган «аалым» критерийлери барбы, болсо алар эмнелер? Биздин кыялыбыздагы тарыхтан азыркы күнгө чейин жашап өткөн, жашап жаткан «аалымдардын» баары бирдей китеп окуп, бирдей илим казып, бирдей ой жүгүртөбү? Албетте, жок. Анда алардын баарын аалым деп атоо, туураны көрөт жана айтат деп ишенүү канчалык илимий этикага туура келет? Алыс барбайлы. Учурда өлкөбүздө Чубак Жалилов, Абдышүкүр Нарматов, Максат Токтомушевдер үчүн жогорудагы кепилдиктерди ким бере алат? Мен бул агаларыбызды жамандагым келбейт. Бирок алар деле кадимки жана бири-биринен айырмаланган, ар кандай деңгээлге, түрдүү ой-пикирге ээ, ой жүгүртүүсү бар, пендечилик кылып адашып калышы мүмкүн болгон кадимки адам экенин аларды дээрлик пайгамбарга теңеген бурадарларга дагы бир жолу эскертким келет.

Тыянак

Демек максат - ажыкени, молдону эмес, илимди, билимди ээрчүүдө! Биз өз колубуз менен догмалаштырган, мифтештирген түшүнүктөргө келечегибизди кош колдоп көздү жуумп туруп салып берээрден мурда, жогорудагы суроолор жөнүндө терең ой жүгүртөлү, изденели.

Муну менен исламдын бул беш парзына каршы сүйлөгөн жерим жок. Бирок буларга өтө катуу басым жасоо менен андан да маанилүү принциптердин көлөкөдө калып кетип жатканы өкүндүрөт. Алсак, Курандын эң алгачкы буйругу болгон «Оку!» буйругунун бүгүн мусулман коомчулугунун жашоосундагы орду канчалык? Өтө аз, анткени «ал исламдын негизги беш буйругунан эмес» деген түшүнүк калыптанып калган. Бул парзды толук аткара албагандыгыбыздан улам караңгылыкка кептелдик. Ал эми караңгылык - балдык жамандыкты ээрчитип келе турган өзгөчөлүккө ээ.

Бүгүн канча мусулман, өзгөчө диний лидер катары таанылып калган кишилер «Эл эмне дейт?» деп кызыкчылыктары менен соодалашпастан туруп, акыйкат үчүн туура нерсени айтып коё алганга кудурети жетеби, биле албадым. «Намаз окугандан мурун китеп оку! Анткени эң негизги буйрук мына ушул!» деп өзгөчө диний жол башчы катары таанылып калган кишилер тарс этип айта салганы деле туура болчудай. Туура эмес багыттан канчалык эрте кайтып калсак, ошончолук пайда. Чындыгында билим алмайын, дүйнө тааным кеңеймейин, туура ой жүгүртүүнү үйрөнмөйүн намаз окуу, Куран окуу, ажыга баруу, кыскасы мусулман болуу пайда бербей калат. Тескерисинче, мындай өңүттөгү адамдардын жүрүм-турумунан улам далай адамдардын ислам тууралуу ой-пикири булганып бүттү. Так ушуга окшогон көрүнүштөрдү шылтоолоп бизге багытталган оор жоготууларга, каралоо өнөктүгүнө Чолпонбайчасынан көкүрөк керип туруп бергенге эле жарап калбадыкпы?

Жалпы мусулман ааламынын Куран принциптеринен чындыгында оолактап кеткени чындык. Эң оор жаралар мына ушул шалаакылыгыбыздан келип жатат. Алсак, Куранда (Кудай) акылын колдонбогон коомду азапка, шермендечиликке кириптер кылаары айтылат (Юнус сүрөөсү, 100-аят). Ушу тапта бир топ өлкө акылдуулук менен кадам таштабай келет; илим-билимге маани бербейт, маданият, технология, медицина сыяктуу аба-суудай зарыл болгон багыттарга инвестиция кылбайт, күнүмдүгүн ойлойт, өндүрүүчү эмес, керектөөчү бойдон калууну тандайт - кыскасы ушул сыяктуу адамзаттын көчүн алга тарткан эмес, ага жүк болгон маңызда жашап келет. Мына ушундай өлкөлөрдө Кудайдын жогорудагы өкүмү ишке ашып жатат деп айтууга толук негиз бар. Муну көрбөй коюш үчүн көөдөнү кошо көр болуш керек.

Өзгөрүүнү баары каалайт, бирок эч ким өзгөргөндү каалабайт, адамдын табияты балким ушундай. Бирок «Бала ыйлабаса эмчек кайда» дегендей сүйүктүү пенде болуштун да белгилүү тапшырмалары болору табигый көрүнүш. Кыскасы бекерге бейиш жок. Ошон үчүн алыс барбай өзгөрүүнү өзүбүздөн баштайлы. Өзгөчө диний багытта элге аты таанылып, тили өтүп калган ага-инилерибиз, исламдын эң негизги буйругу катары окууга, билим алууга, караңгылыктан алыстоого үгүттөөгө милдеттүү.

Молдокелерибизди дагы да билимдүү, гумандуу болууга чакырат элем. Алар деле бир топ маселеде жакшы эле иш алып барышат, жаман эмес, жакшы болсун деп аракеттенишет. Бирок билимсиздиктен улам кээде жакшы менен жаманды айырмалай албай калуу толук ыктымал эмеспи! Адатта мечиттерде айтылган диний насааттарда илим деңгээлин өстүргөн, дүйнө таанымды кеңейткен, айдың мусулман жаратууга кызмат кылган Куран негиздүү принциптер өтө аз айтылат. Ал эми адамдын эркиндигин чектеген, инсандыгын өлтүргөн, тозокко түшүрө турган майда-чүйдө жөрөлгөлөр аркылуу коркуткан нерселер көп айтылат. Куран аяттары тууралуу айтылганда да дал ошол өзү араң жашап жаткан мусулманды коркуткан жерлери көп айтылат. Куранга негизделген дин тууралуу сөз болуп жатканда Куран аяттарынан «аалымдардын», шейхтердин сөздөрү, өтмүш доордогу тиешелүү идеологияга, саясатка кызмат кылган эмгектери тууралуу эселеп көп кеп кылынып калып жатканы өкүндүрөт.

Аракет бизден, ийгилик Кудайдан!

Элмурат Кочкор уулу

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG