Бангладештин мурдагы аскер диктатору Хуссейн Мухаммед Эршад 91 жаш курагында каза болду. Ал 1982-жылдагы аскердик төңкөрүштөн соң бийликке келип, өлкөнү 1990-жылга чейин башкарган.
Мурдагы аскердик лидер бир топ оорудан жабыркап, июндун аягында ооруканага жаткырылган эле.
1990-жылы өлкөдөгү нааразылык акциясынан соң бийликтен кеткен Эршад кийин түрмөгө да отуруп чыккан. Бирок кайра саясатка кайтып, өмүрүнүн аягына чейин парламенттеги оппозициянын лидери болуп турган.