Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:22

Кыйноонун алдын алуу борбору Саляновадан кабар алды


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Кыйноонун алдын алуу борбору Бишкектин №1 тергөө абагында кармалып турган мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын абалынан кабар алды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган борбордун директору Нурдин Сулайманов кабарлады. Анын айтымында, Салянова ага саламаттыгы начарлап, кыйналып жатканын билдирген.

«Өзүнүн айтымы боюнча, «чынында эле кыйналып жатам» дейт. Күн ысык, камерасында желдеткич бар экен, аны иштетсе ооруп калып жатыптыр. Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) дарыгерлери «ооруканага которууга муктаждык жок» деп атышат. Ошентсе да, биз абалы менен таанышкан соң ЖАМКка кат менен кайрылып, Салянованын абалына көңүл бурууну суранган жатабыз», - деди Сулайманов.

Буга чейин Аида Салянованын адвокаты камактагы мурдагы башкы прокурордун абалы начарлап жатканын айтып, Кыйноонун алдын алуу борборуна кайрылган. Ал эми ЖАМК Салянованын абалы көзөмөлдө экенин айтып, тынчсызданууга негиз жок экенин билдирген.

Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына байланыштуу шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган. Андан бери мурдагы башкы прокурор Бишкектин №1 тергөө абагында кармалууда.

Ал 15-июнда ооруканага которулуп, бирок 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары пневмония деген диагноз коюлганын айтышууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG