Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:49

Түркияда аскердик төңкөрүш аракетинин үч жылдыгы эскерилүүдө


Аскердик төңкөрүшкө аракет кылуу Стамбулдун жолунда. 2016-жыл.
Аскердик төңкөрүшкө аракет кылуу Стамбулдун жолунда. 2016-жыл.

Түркияда 250дөн ашуун кишинин өмүрүн алган аскердик төңкөрүш аракетинин эки жылдыгын эскерген иш-чаралар өтүп жатат. 15-июль өлкөдө расмий дем алыш күнү катары эсептелип, бул күнү Түркиянын ар тарабында эскерүү иш-чаралары өтөт.

Президент Режеп Тайып Эрдоган үч жыл мурун төңкөрүш аракетинин эң маанилүү жери болгон «Ататүрк» аэропортунда жергиликтүүлөр менен жолугушат.

Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтү Кошмо Штаттарда акыркы 20 жылга жакын убакыттан бери өз эрки менен бозгунда жашап келе жаткан Фетхуллах Гүленди 2016-жылкы «аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган» деп айыптап келет. Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан.

Түрк бийлиги анын кыймылын ФЕТӨ деп атап, президент Режеп Тайып Эрдоган башкаларды да аны «террористтик уюм» деп таанууга чакырган. 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен берки бийликтин «тазалоо» аракеттеринин натыйжасында 77 миң киши камакка алынып, 150 миңдей мамлекеттик кызматкер жана аскер адамы иштен бошотулган. (ElB)

XS
SM
MD
LG