Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен машинедеги адамдарды издөө иштери уланып жатканын кабарлады.
Мекеменин маалыматы боюнча 14-июль күнү саат 17:30 чамасында Ош облусунун Ноокат районунда Ош-Папан-Кожокелен автоунаа жолунун 60-чакырымында Ак-Буура суусуна ВАЗ-21 099 үлгүсүндөгү машине түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Машинеде үч эркек, бир аял киши болгон.
14-июль күнү кечинде 56 жаштагы эркек кишинин өлүгү табылган. Бүгүн издөө иштерин улантыш үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 64 куткаруучу тартылып, саат 07:20да 73 жаштагы дагы бир эркек кишинин өлүгү табылган. Издөө иштери уланууда.
Акыркы учурларда кан жолдордо кырсыкка учураган окуялар көп болууда. 30-июнда эле өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев, аялы, баласы жана 8 жаштагы небереси, айдоочусу түшкөн автоунаа Суусамырга Кожомкулдун 130 жылдыгына бараткан учурда кырсыкка кабылып, Көкөмерен дарыясына агып кеткен. Кырсыктан баары тең каза болгон. (BTo)