Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Жаш илимпоз Сейитбек Тилеков эл аралык конференцияда мыкты аталды


Сейитбек Тилеков.
Сейитбек Тилеков.

Кыргызстан журналистика жана коммуникация тармагы боюнча өткөн эл аралык конференцияда мыкты аталды.

Дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 300гө жакын өкүл катышкан «Глобалдашкан Түштүк жана Түндүк: Коммуникация жана маданий перспективалар» аттуу иш-чара Жаңы Зеландияда өттү.

Алардын арасынан кыргызстандык жаш илимпоз Сейитбек Тилековдун «Социалдык түйүндүн студенттердин эске тутуу жөндөмүнө жана академиялык жетишкендиктерине тийгизген таасири» баяндамасы эң мыкты деп табылганын «Азаттык» радиосуна Кыргызстандын Коммуникаторлор ассоциациясы билдирди.

Солдон онго: Сейитбек Тилеков, Сеон Ги Бэк, Регина Жаманкулова жана Элира Турдубаева.
Солдон онго: Сейитбек Тилеков, Сеон Ги Бэк, Регина Жаманкулова жана Элира Турдубаева.

Илимий конференцияга ассоциациянын вице-президенти, доктор Элира Турдубаева, ассоциациянын мүчөлөрү Сейитбек Тилеков жана доктор Регина Жаманкулова барышкан.

- Жалпысынан Кыргызстандан бул конференцияга 20 баяндама кабыл алынган. Тилекке каршы, көпчүлүк баяндамачылар түрдүү себептер менен бара албай калышты. Ошондуктан алардын 11 баяндамасын Кыргызстандан барган үчөөбүз окудук. Сейит Тилековдун баяндамасы 200 катышуучунун арасынан 1-орунга суурулуп чыгып, сыйлык алышы Кыргызстан үчүн эле эмес, бүтүндөй постсовет өлкөлөрү үчүн да чоӊ жеӊиш жана сыймык, - деди Элира Турдубаева.

Бүткүл дүйнөлүк коммуникаторлор ассоциациясынын президенти Сеон Ги Баэк Сейитбек Тилековго диплом тапшырып жатат.
Бүткүл дүйнөлүк коммуникаторлор ассоциациясынын президенти Сеон Ги Баэк Сейитбек Тилековго диплом тапшырып жатат.

2017-жылы Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк коммуникация ассоциациясынын 34 жылдыгына карата «Дүйнөлүк чыр-чатактар жана жакырчылык: Коммуникация, маданият жана резолюция» аттуу эл аралык конференция өткөн. Аны Кыргызстан Коммуникаторлор ассоциациясынын төрайымы, доцент Алтын Асанова жана ассоциациянын негиздөөчүсү Элира Турдубаева өткөрүп, 33 өлкөдөн 103 илимпоз келип катышкан.

Кыргызстан Коммуникаторлор ассоциациясы (ККА) 2016-жылы негизделген. Ага Кыргызстандагы журналистика, коомчулук менен байланыш жана реклама, телерадио жана кино факультеттеринин окутуучулары мүчө. ККА илимий конференция, симпозиум, семинар, талкууларды өткөрүү менен бирге жогорку окуу жайлар үчүн окуу китептерин жазуу ишин жүргүзүп келет.

XS
SM
MD
LG