Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы пикетке чыккан Нурлан Карымшаков менен анын жубайы Гүлзана Имаевага карата кылмыш ишин тергөө аягына чыга элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, үчүнчү экспертизанын жыйынтыгына карап иш кыскарат же сотко өтөт.
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келерден бир күн мурун жарандык активист Нурлан Карымшаков аялы Гүлзана Имаева экөө Бишкектеги орус элчилигинин астына пикетке чыгышкан. Жубайлар 27-март күнү эртең менен колдоруна «Путин - агрессор, канкор» жана «Ысык-Көлдө Путиндин торпедаларына жол жок» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турганда милиция аларды кармап кеткен.
29-мартка караган түнү Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын жабык карап, жубайларды тергөө аяктаганга чейин өлкө аймагынан чыкпоо шарты менен үй камагына алган.
Активисттер көтөрүп чыккан жазуулар буга чейин эки жолу лингвистикалык экспертизадан өткөрүлгөн. Биринчисин Мамлекеттик соттук экспертиза кызматынын адистери өткөрсө, экинчисин орусиялык лингвисттер жүргүзүп, «улут аралык, расалык жана жек көрүүчүлүккө, агрессияга чакырык жок» деген тыянак чыгарышкан. Ушунун негизинде адвокат ишти кыскартуу боюнча сотко арыз жазган. (КЕ)