Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Ормуз кысыгында танкер кармалганы кабарланды


Ормуз кысыгындагы танкер. Иллюстрациялык сүрөт
Ормуз кысыгындагы танкер. Иллюстрациялык сүрөт

Ирандын Революция сакчылары корпусунун аскерлери Перс булуңунда чет өлкөлүк мунай танкерин кармап алышты. Бортунда 12 киши бар экенин "Ассошиэйтед Пресс" агенттиги Иран телеканалына шилтеме берип кабарлады.

Кеме кайсы өлкөгө таандык экени такталган жок. Иран бийлиги танкер мунайды аткезчилик жол менен ташып баратканын билдирди.

16-июлда Ормуз кысыгында Панама желеги астында бараткан “Риах” танкери жоголгону маалым болгон. Ирандын тышкы мекемеси кемеде техникалык маселелер чыкканын билдирген.

4-июлда Британиянын Аскер-деңиз күчтөрү Гибралтар кысыгында ирандык «Грэйс-1» мунай танкерин «Сирияга чийки мунай алып бараткан» деген шек менен кармашкан.

11-июлда Британия ирандык үч кеме Ормуз кысыгынан бараткан мунай танкеринин жолун тороого аракет кылганын билдирген. Иран бул маалыматты четке каккан.

Май июнь айларында АКШ Ирандын Революция сакчылары корпусунун аскерлери Оман жана Перс булуңдарында танкерлерине чабуул коюшкан деп айыптаган. Тегеран бул дооматты четке каккан.

XS
SM
MD
LG