Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушуна байланыштуу иште аты аталган Бусурманкул Табалдиевди издөө иши уланууда.
ИИМ Табалдиев боюнча ыкчам маалыматтар бар экенин, аны текшерүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирди.
Бусурманкул Табалдиевди укук коргоо органдары таппай жатышканын, ал Түркияга чыгып кетиши ыктымал экенин 8-июлда 24.kg агенттиги өз булактарына таянып жазып чыккан. Кийин Ички иштер министрлиги анын кайда экени белгисиз болгондуктан ага издөө жарыялаган.
“Азаттыктын” Бусурманкул Табалдиевдин өзү жана анын жакындары менен байланышуу аракетинен майнап чыккан эмес.
Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген. Бирок анын бул иш боюнча суракка чакырылып-чакырылбаганы айтылган эмес.
Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген соң Орусияга чыгып кеткен. Буга байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра жанданган. (КЕ)