Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Саакашвили Украинанын парламенттик шайлоосуна катышуудан баш тартты


Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили.
Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили.

Грузиянын экс-президенти, Одесса облусунун мурдагы башчысы Михаил Саакашвили Жогорку Раданын кезексиз шайлоосуна катышуудан баш тартып, тарапташтарын Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин «Слуга народа» партиясына добуш берүүгө үндөдү. Мындай видеокайрылуусун ал «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

«Биздин программа алардыкы менен окшош. Биз президенттин партиясын сындабайбыз. Мен аларга мүмкүнчүлүк бериш керек деп ойлойм. Ошондуктан эгерде биздин партия беш пайыздык босого баллдан өтө албай калса, анда биз топтогон пайыз «Слуга народа» партиясынан тартып алынган добуштар болот», - деди Саакашвили.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы Михаил Саакашвили баштаган «Жаңы күчтөр кыймылы» партиясын Жогорку Раданын шайлоосуна катышуу үчүн 29-июнда каттаган.

Владимир Зеленский 20-майда ант берип президенттик кызматка киришкенден кийин Жогорку Раданы таратуу тууралуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, Украинада мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 21-июлда өтөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG