Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Усубалиевдин сүрөтүн алмаштырып алган жетекчиге сөгүш берилди


Нарындагы баннер.
Нарындагы баннер.

Нарын шаарында мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевге окшош кишинин сүрөтүн илип койгон окуя боюнча “Таза-Нарын” муниципалдык мекемесинин жетекчисине катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаар мэри Эмил Алымкулов билдирди. Анын айтымында, алгач баннерге Усубалиевдин сүрөтү илинген. Шамал учуруп кеткенден кийин баннер алмаштырылып, ошого окшош кишинин сүрөтү коюлуп калган.

"Ал боюнча териштирдик, чара көрдүк. “Таза-Нарын” ишканасынын директоруна катуу сөгүш берилди. Ага буюртма берип, алмаштырган балдарды териштирүү тапшырмасы берилди. Эки кун мурда шамалда айрылып калып, аны алмаштыруу боюнча буюртма берген экен. Сүрөттү Интернеттен караган экен. Ошол жерден 4-5 сүрөт чыгып, жарыгырак жана түстүү сүрөт экен. Калганы ак-кара түстө экен. Ал бала өзү да Усубалиевди тааныбаган бала го. Аны да текшерип илишпей, ушинтип уят кылышты. Азыр алмаштырылды. Типография өз эсебинен чыгарып, элден да кечирим сурады".

Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын утурлай Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнө, борбордук аянтка жакын жерге баннер илинген. Анын сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланып, сүрөттөгү киши Усубалиев эмес экени талкуу жараткан. Мэриянын басма сөз кызматы сүрөттү жаңылып илип алгандарга карата тартиптик жаза көрүлөрүн айткан. Ал эми баннерге мурдагы транспорт министри Кыдырма Орозалиевдин сүрөтү коюлуп калганын маалымат каражаттары жазышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка 4-февралда кол койгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG