Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:09

Аптапта "Тез жардамга" кайрылгандардын саны көбөйдү


Абанын температурасы жогору болгон акыркы күндөрү “Тез жардам” кызматына кайрылгандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кызматтын дарыгери Айнагүл Алымкулова билдирди. Анын айтымында, бир суткада болжол менен 600дөй чакыруу болууда.

"Көчөдө уктап, күнгө күйүп калган селсаяктар боюнча бир күндө 7-8 учур катталып жатат. Үйдө күндүн ысыгынан кан басымы, канты көтөрүлүп жатканы үчүн "Тез жардамга" чалгандар көп. Мындан сырткары күндүн ысыгынан кусуп, ичи өткөн балдар көбөйдү. Күнүгө 600дүн тегерегинде чалуу болсо, анын 200гө жакыны аба ырайына байланыштуу оорулар болууда".

Алымкулованын белгилешинче, жыл сайын жайкысын “Тез жардамга” чалгандардын саны 350-400 учурду түзчү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG