Бишкекте Жеңиш аянтында дрифт боюнча жарыш учурунда автоунаалардын бири сүзүп кеткен беш адамдын экөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, алардын мээси чайкалып, денесинен жаракат алган. Учурда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда. Калган үч адам амбулатордук жардам алып, үйлөрүнө кеткен. Алардын экөө Кытайдын жарандары.
Бишкек мэриясы мындай жарыштарды шаар ичинде өткөрүүгө тыюу салууну сунуштоодо. 21-июлда өткөн автодрифт боюнча жарышты өткөрүүгө Свердлов райондук акимияты уруксат берген.
21-июлдагы жарышта тартылган тасмадан жогорку ылдамдыкта келаткан автоунааны айдоочу башкара албай, көрүүчүлөр турган тараптагы тосмону сүзүп кирип кеткенин көрүүгө болот. (BkA)