Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Трамп Ирандын тыңчылар тууралуу маалыматын четке какты


АКШ президенти Дональд Трамп, Вашингтон, 21-июль 2019-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп, Вашингтон, 21-июль 2019-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын Америкага иштеген тыңчыларды кармаганы тууралуу маалыматын кескин түрдө четке какты.

"ЦРУнун [АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын] тыңчыларын кармаганы тууралуу Ирандын маалыматы толугу менен жалган. Кымындай чындык жок. Болгону диний режим тарабынан жарыяланган кезектеги калп жана пропаганда", - деп жазды Трамп 22-июлда "Твиттердеги" барагына.

Анын алдында Ирандын Чалгын министрлиги АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын өлкөдөгү "тыңчылар түйүнү" талкаланганын, 17 киши кармалып, алардын айрымдары өлүм жазасына өкүм кылынганын маалымдаган. Министрликтин 22-июлдагы билдирүүсүндө бул "тыңчылар" Ирандын экономика, өзөктүк өндүрүш, армия тармактарында иш алып барып, жашыруун маалыматтарды топтоп келгени белгиленген.

АКШ 2018-жылдын май айында Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыккандан бери Вашингтон менен Тегерандын алакасы чыңалып турат.

XS
SM
MD
LG