Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Сахалинде кыргызстандык киши колдуу болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сахалинде кыргызстандык таксист киши колдуу болду. Бул маалыматты Кыргызстандын Москвадагы элчилиги “Азаттыкка” ырастады. Маалыматка караганда, кылмышка шектелип үч киши кармалды. Маселени консул көзөмөлдөп жатат.

Буга чейин Орусиянын Тергөө комитети дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыргызстандыкка издөө жарыялап, кылмыш ишин козгогон. Кийин анын сөөгү Чапаева айылынан алыс эмес жерде табылган.

Орусиянын Сахалин облусунда Кыргызстандан баргандар негизинен курулуш жана балыкчылык тармагында иштейт. Базарда, тейлөө тармагында алектенгендер, автоунаа менен жүк, эл ташыгандар да арбын.

Расмий маалымат боюнча, Сахалинде азыр 8 миңдин тегерегинде кыргызстандыктар бар. Бейрасмий маалыматтарга караганда, алардын саны 15-20 миңге чейин жетиши ыктымал. (КЕ)

XS
SM
MD
LG