Линктер

жекшемби, 25-август, 2019 Бишкек убактысы 10:41

Алмазбек Атамбаев Орусияга учуп кетүүгө даярданууда


Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусияга кете турганына байланыштуу бүгүн Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары чогулууда. «Азаттыктын» Кой-Ташта жүргөн кабарчысы учурда 100гө жакын киши чогулуп турганын жана Атамбаевди узатуу үчүн атайын автоунаалар да даярдалып жатканын кабарлады.

Ал Орусияга каяктан учуп кетээри азырынча белгисиз. Айрым маалыматтар боюнча, Алмазбек Атамбаев Орусиянын Канттагы авиабазасы аркылуу же «Манас» эл аралык аэропорту аркылуу учуп кетет.

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов Атамбаев Орусиядан эртең, 25-июлда кайтып келерин айтты.

Буга чейин Атамбаев өзү журналисттерге Орусияга эки күнгө барып келерин билдирип, бирок кимдердин чакыруусу менен кетип жатканын ачык айткан эмес.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Буга чейин кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча ИИМ үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан. 22-июлда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барган.

Мурдагы президенттин тарапкерлери аны суракка чакырууну саясий куугунтук деп, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө «элдик штаб» түзүп, топтолуп турушат. (BTo/BkA)

Пикирлерди көрүңүз (41)

XS
SM
MD
LG