Баткен районунун Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар аймакта ички коопсуздукту сактап турган милиция кызматкерлерине кол көтөрүп, таш менен ура баштаганда күч кызматкерлери элге каршы атайын үн чыгаруучу каражаттарды колдонду.
Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Азаттыктын» кабарчысы жараат алып, ооруканага жеткирилгендер бар экенин айтты. Бирок канча киши жараат алганы азырынча белгисиз.
Учурда Баткендин Дача аймагында Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим кыргыз-тажик чек арасындагы чырды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалдан улам Ак-Сай айылынан 600гө жакын тургуну коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Алар Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин, эки орто мектептин жана медресенин имаратына жайгаштырылууда. (BTo/JsA)