Дем жетпеген шартта кармалып жаткан Аида Салянованын жүрөк илдети өрчүп, тез арада операцияга муктаж болууда. Бул тууралуу 30-июлда «Азаттык» радиосуна анын сиңдиси Чынара Турдалиева билдирди.
Турдалиеванын айтымында, тапшырган анализдердин жыйынтыгы чыгып, Саляновага панкардит деген жаңы диагноз коюлду. Бул илдет жүрөктүн бардык катмарларынын сезгениши менен мүнөздөлөт:
- Улам күндөн күнгө абалы оорлоп баратат. Жүрөк деген оңой эмес да. Жаман нерсе болуп кетсе ким жооп берет деп биз аябай кабатырбыз. Дем жетпеген камерада түнү менен уктай албай кыйналып жатканын адвокаты айтууда. Жолугушуу укугу адвокатта гана бар.
Турдалиева Салянова камалгандан бери жакындарынын бири менен да көрүшө электигин кошумчалады.
Адвокат аны тез арада ооруканага жаткыруу өтүнүчү менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) кайрылуу жолдоду.
Ага чейин Кыйноону алдын алуу боюнча улуттук борбор Салянованын саламаттыгына байланыштуу жагдайга көңүл бурууну өтүнүп Жаза аткаруу мекемесине кат жазган.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган мурдагы башкы прокурор Салянова Бишкектин №1 тергөө абагында отурат.
Ал 15-июнда ооруканага которулуп, бирок 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары «пневмония» деген диагноз коюлганын айтышкан.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Салянованын саламаттыгы көзөмөлдө экенин жана өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирип келет.
9-июлда адвокат "Салянованын алы кетип, дем жетпей, энтигип жатканын, мындай абалдагы адам кардиологдун түздөн-түз көзөмөлүндө болушу керектигин” айткан. (RK)