Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги токойлор өрттөнүп жаткандыктан Красноярск, Иркутск жана Буриятияда өзгөчө абал жарыялады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Анда табыгый кырсык айрыкча Якутия, Красноярск жана Иркутск облусунда эң көп катталганы айтылат.
Президенттин Сибирь федералдык округу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү 29-июлга карата өрт чалган токойлордун аянты 1,6 миллион гектардан ашканын билдирди.
"Гринпис" уюмунун Орусиядагы бөлүмү жергиликтүү тургундарды Сибирдеги, Ыраакы Чыгыштагы токойлордогу өрттү өчүрүү үчүн чукул чара көрүүнү талап кылган петицияны колдоого чакырып жатат. Аталган уюм жагдайды "экологиялык катастрофа" деп атады.
Мындай петицияга учурда 600 миңден ашуун адам кол койду.