Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:51

Румыниянын ички иштер министри өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин кызматын тапшырды


Николае Мога.
Николае Мога.

Румыниянын ички иштер минстри Николае Мога өспүрүм кыздын уурдалып, кийин зордукталып өлтүрүлгөн окуядан алты күн өткөндөн кийин кызматтан кетерин жарыялады.

Анын 30-июлда билдиргени боюнча, премьер-министр Виорика Денчилэ менен сүйлөшкөндөн кийин, министрликтин кадыр-баркын сактап калуу үчүн ушундай чечим кабыл алганын айтты. Ал полиция ыкчам аракет көрбөгөн үчүн ушул окуя болгонун мойнуна алды.

Буга чейин министр Николае Мога өлкө түштүгүндөгү Каракал шаарында 15 жаштагы өспүрүмдүн жоголуп, кийин зордукталып, өлтүрүлүшүнө байланыштуу полициянын начальнигин, Олт округунун эки башчысын иштен алган.

Ыкчам жардам берүү борборунун маалыматына караганда, маркум 112 номуруна 25-июнда үч жолу жардам сурап чалган. Кыз белгисиз киши аны уурдап кеткенин айткан. Бирок полиция ыкчам чара көргөн эмес жана кызды уурдаган кишинин үйүн 19 сааттан кийин гана тапкан.

Кылмышка 65 жаштагы механик шек саналып жатат. “Эмнени күтүшкөн, муну такташ керек. Ал кызды өлтүрбөй сактап калса болот эле”, - деген баш прокурор Богдан Лику "Antena3" телеканалына курган маегинде.

Президент Клаус Иоханнис жана премьер-министр Виорика Денчилэ кылмышты иликтеп, күнөөлүүнү жоопко тартууга чакырган.

XS
SM
MD
LG