Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:49

Шакиев: Бакиев жөнүндө тасмага тиешебиз жок, бирок аны көрсөтүүнү туура көрдүк


Нурлан Шакиев.
Нурлан Шакиев.

“НьюТВ” телеканалы Курманбек Бакиев тууралуу тасманы көрсөтүү чечимин кабыл алып жатканда саясий да, коммерциялык да максат көздөгөн эмес. Мындай пикирин бүгүн 31-июлда “Азаттык” радиосуна телеканалдын жетекчиси Нурлан Шакиев билдирди:

- Бул тасманы биз даярдаган жокпуз. Биздин телеканалдын эч катышы жок. Бул жерде эч саясат жок. Биз бейтарап телеканалбыз. Тасманы көрүп чыксак, Бакиевдин балалык чагы, окуучулук эле тагдыры экен. Ошондуктан көрсөтөлү деп чечкенбиз. Алар менен эч кандай байланышып же Бакиев тарапты колдоп, коргогон максат да болгон эмес.

Ошону менен катар Шакиев атайын кызматтын эскертүүсүн түшүнүү менен кабыл алганын кошумчалады.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 31-июлда Бакиевди жактаган тасмаларды көрсөткөн маалымат каражаттарына эскертүү берди. Атайын кызмат “Телеберүүлөрдүн авторлору жасаган иши жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билбей жатышат. УКМК авторлорго коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет” деп билдирди.

Ошону менен катар УКМК "Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурун козголгон кылмыш иштери боюнча Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгонун" белгиледи.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, азыркы убакта айыпталуучулар изделүүдө.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.

1-августта ал 70 жашка толот.

30-июлда "НьюТВ" жана "НурТВ" телеканалдары аны жактап, 70 жылдыгы менен куттуктаган тасма көрсөткөн.

Шакиев Бакиев президент болуп турганда анын басма сөз катчысы болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG