Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

“Газпром” Бишкекке курган мектепти өзү иштетмей болду


Бишкек. "Газпром" курган мектеп.

Орусиянын “Газпром-Кыргызстан” ишканасы Бишкекке курган орто мектепти өзү иштетет, бул үчүн мэрия менен ижара келишими түзүлөт. Мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары бүгүн 31-июлда кезексиз сессияга чогулуп, бир добуштан колдоп беришти.

960 орундуу мектеп быйыл 1-сентябрда окуучуларды кабыл алат, ал Кыргызстандын быйыл 100 жылдыгы белгиленип жаткан мурдагы жетекчиси Турдакун Усубалиевдин ысымын алып жүрөт жана номуру жүзүнчү болот.

Орундардын 20% Бишкектеги аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына бекер берилет. Ал эми 5% окууда, спортто жана чыгармачылыкта мыктылыгын көрсөтө алган окуучуларга тиет. Аларды Камкордук кеңеши тандайт.

Камкордук кеңешинин курамында алты адам, үчөө “Газпромдон-Кыргызстандан”, экөө мэриядан жана бирөө шаардык кеңештен болот.

Депутат Канатбек Музуралиев бекер окутула тургандардын санын 30% кылуу сунушун бергенин, бирок ал өтпөй калганын “Азаттык” радиосуна билдирди:

- 250 эмес, 300 бала бекер окусун деген сунуш бергем. “Газпромдун” жетекчилиги деле карап чыгууга макул болуп жаткан. Бирок сунуш өтпөй калды. Бул жерде кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы бар окшойт.

«Газпром-Кыргызстан» жакында Бишкек шаарынын түштүк тарабына 960 орундуу мектептин имаратын куруп, мэрияга өткөрүп берген. Бирок аны кайра өзүнө 20 жылга ижарага берүүнү сураганы айтылган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары мектептин бир жылдык чыгымы 200 миллион сом болорун, аны Бишкектин бюджети көтөрө албай турганын жазып чыгышкан.

«Газпром-Кыргызстан» компаниясы мындан ары да Кыргызстандын ар бир облусуна бирден мектеп салууну пландап жатат. «Кыргызгаз» 2013-жылы 1 долларга Орусиянын «Газпром» компаниясына сатылган соң ушул ишкана түзүлгөн. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG