Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Кытай-АКШ соода сүйлөшүүлөрү жанданды


Кытайлык жана америкалык расмий өкүлдөр 31-июлда Кытайдын Шанхай шаарында бир жылга созулган соода согушун токтотууга багытталган сүйлөшүүнү жандантты .Буга чейинки ондон ашык ушундай эле жыйындарда эки тарап орток пикир таба алган эмес жана май айында сүйлөшүү белгисиз мөөнөткө токтоп калган.

АКШнын соода өкүлү Роберт Лайтхайзер жана Финансы министри Стивен Мнучин Шанхайга келип, Кытайдын вице-премьери Лю Хэ менен жолугушту.

Вашингтон менен Бээжин бири-биринин жалпы баасы 360 миллиард доллардык товарына бажы тарифин көтөрүшкөн. Бул соода талашы АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы «эки тараптуу соодада адилетсиздик бар», Кытай «интеллектуалдык менчикти уурдап жатат» деп билдирип, америкалк компанияларга тең шарттарды талап кылгандан кийин башталган.

Ал арада Кытайдын коммунисттик партиясынын жарчысы болгон басылма Трамптын атын атабастан, «сүйлөшүүлөр башталган кезде айрым америкалыктардын барабаны тескери урулуп, обонду бузуп жатат» деп жазды.

Кытай менен АКШ дүйнөдө экономикасы ири алдыңкы эки өлкө экени белгилүү. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытайдын АКШга жөнөткөн экспорту 478 миллиард долларды түзсө, америкалык товарлардын экспорту 155 миллиард болгон.

XS
SM
MD
LG