Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:21

Йемен: Аден шаарында согушкерлердин чабуулунан 30дай киши өлдү


Чабуул жасалган жер. Аден шаары. 1-август, 2019-жыл

Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары эл аралык коомчулук тааныган өкмөт жайгашкан порттук Аден шаарындагы аскердик парадга ракетадан чабуул жасаган окуяда кеминде 32 киши өлгөнү кабарланууда.

Йемендин премьер-министри Майин Абдулмалик Саид жана Сауд Арабиянын элчиси «Твиттердеги» өз билдирүүлөрүндө хуситтер тарабынан жасалган бул чабуул жана андан мурдарак болгон Аден шаарындагы полиция бөлүмүнүн жанындагы жардыруу үчүн Тегеранды айыпташты.

Саламаттыкты сактоо мекемесиндеги жана Коопсуздук кызматындагы булактар параддагы чабуулда 32 киши өлгөнүн, анын ичинде командир да курман болгонун билдиришкен.

Хуситтердин расмий «Masirah TV» каналы көтөрүлүшчүлөр орто аралыкка жетүүчү баллистикалык ракета учурушканын, ошондой эле параддагы чабуулда согуштук дрон колдонушканын кабарлады.

Иран колдогон хуситтердин «Ансар Аллах» тобу Йемендин батышынын бир бөлүгүн, баш калаа Сана шаарын да көзөмөлдөйт. Саудия жана анын өнөктөштөрү колдоо көрсөткөн, эл аралык коомчулук тааныган Йемендин өкмөтү 2015-жылдан бери хусит козголоңчулары менен кармашып келе жатат. Төрт жыл ичиндеги куралдуу кармаштарда Йеменде 10 миңдей киши каза тапты, жүз миңдеген адам жер которду. Өлкөнүн 14 миллионго жакын жараны ачарчылык коркунучуна кептелди.

XS
SM
MD
LG