Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:09

Кулматов менен Ибраимовдун сотунда күбөлөр суралат


Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.
Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароону улантат.

Адвокат Сергей Слесаревдин “Азаттыкка” билдиришинче, иш боюнча күбөлөрдү суроо улантылат. Анда “Дастан” боюнча жабдууларды сатып алуу, Индия менен түзүлгөн келишим боюнча күбөлөр суралат.

Кулматов "Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган" деп күнөөлөнгөн.

Албек Ибраимовго “Дастан” ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү "Күнөстүү жээк" пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деген айыптар коюлган. Сот алардын бөгөт чарасын улам узартып келет. Ага ылайык, экс-мэрлер 6-сентябрга чейин УКМКнын абагында болот.

Экс-мэрлердин ишин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган. Аны бөлүп кароо боюнча адвокаттардын бир нече жолку өтүнүчү канааттандырылган эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG