Бишкекте эмерек цехи толугу бойдон күйүп кетти. Окуя 1-августта түштөн кийин Октябрь районунун аймагында болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, Ауэзов көчөсүндө жайгашкан “Тимбер” эмерек цехинен өрт чыккан. Адам өмүрүнө зыян тийген жок.
Кырсыктын кесепетинен болжол менен жалпы аянты 1200 чарчы метрди түзгөн цехи күйүп кетти.
Соңку суткада Кыргызстанда жалпысынан 37 өрт кырсыгы катталды. (RK)