Чет жактагы кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүү үч негизги багытта жүрөт. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 2-августта Бишкекте өткөн Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин биринчи жыйында сүйлөп жатып билдирди.
Президент бүгүнкү күндө миграция ар бир үй-бүлөнү камтып, инсандын, коомдун жана өлкөнүн өнүгүүсүнө таасирин тийгизип жатканын белгилеп, бул жагдайларды эске алуу менен өнүгүүнүн так багыттарын аныктоо талап кылынарын айтты.
Жээнбековдун пикиринде, бул үчүн тез аранын ичинде негизги үч милдетти аткаруу зарыл:
- Биринчиси – мамлекет тарабынан биздин мекендештердин мыйзамдуу түрдө статусун бекитип, аларды таануу. Экинчиси - мекендештерди тартууга багытталган укуктук, социалдык жана экономикалык механизм жана инструменттерди иштеп чыгуу. Үчүнчүсү – мекендештер менен болгон кызматташууну, өз ара алаканы күчөтүү.
Буга чейин чет жактагы мекендештердин башын бириктирген жыйындар төрт жолу өткөн. 2018-жылкы жыйында Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңеш түзүү чечими кабыл алынган.
Бүгүн бул түзүмдүн алгачкы отуруму. Кеңеш 42 кишиден турат. (SE)