Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Москва соту митингге катышкан активисттерди эки айга камады


Активист Кирилл Жуков сот залында.
Активист Кирилл Жуков сот залында.

Москванын Пресненский райондук соту активисттер Иван Подкопаев, Самариддин Раджабов, Алексей Меняйло жана Кирилл Жуковду 27-сентябрга чейин камакка алды.

Активисттер 27-июлда Москвада шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерлерди колдогон митингге катышкан.

Күч органдары алардын баарын 27-июлдагы митинг учурунда “жапырт башаламандыкка катышкан” деп айыптаган. Ал эми Раджабов “полиция кызматкерине кол салган” деп да күнөөлөнүп жатат.

Буга чейин да ушул эле беренелер боюнча башка да активисттер кармалган.

Москвада 27-июлда шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерлерди колдоп, жүздөгөн адам митингге чыккан. Полиция элди кууп таратып, 1373 адамды кармап кеткен. Анын ичинде ондогон киши административдик жазага тартылып, айрымдары 30 күнгө чейин камалса, башкалары айыпка жыгылды.

Кээ бир демонстранттарга "полицияга кол салуу", "калайман башаламандык уюштуруу жана катышууга чакыруу" беренесине байланышуу кылмыш иши козголгон. Бул беренелер менен айыпталгандар 15 жылга чейин соттолушу мүмкүн.

Москва полициясынын камоолоруна карабастан оппозициячыл активисттер 3-августта да митинг уюштурууга камынууда.

XS
SM
MD
LG