Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Анталияда жол кырсыгына кабылган эки кыргызстандык реанимацияда жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда кыргызстандык кыз менен жигит жол кырсыгына кабылып, оор жараат алышты.

Окуя 4-августка караган түнү Анталия шаарынын Топчулар районунда болгон. Мотоциклде бараткан эки кыргызстандыкты катуу ылдамдыкта келе жаткан автомашина артынан сүзүп, качып кеткен.

Кырсык болгон жерге Анталиянын полициясы жана «Тез жардам» кызматы барган. Жабыркаган кыздын белине оор операция жасалды. Жигит Анталия шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү түрк жараны кармалганы белгилүү болду.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык расмий каттоодо турат. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет. Жайында Түркияда иштеген кыргызстандыктардын саны мындан бир топ көбөйөт. (ElB)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG