Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:14

ӨКМ: Сибирь токойлорундагы өрткө адамдар күнөөлүү


Орусияда өрт чалган токойлордун аянты үч миллион гектарга жакындады.
Орусияда өрт чалган токойлордун аянты үч миллион гектарга жакындады.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сибирдин токойлорундагы өрттүн башкы себеби катары өрт коопсуздугун сактабаган адамдардын шалаакылыгын белгиледи. Мекеме өрт адеп тутанган жерлердин көбү жолго жакын болгонун билдирди.

Буга чейин Айыл чарба министрлиги өрттү кургакчылык, чагылган менен байланыштырган.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тушта 57 миң гектардай токой өрттөнүп жатат. Өрттү төрт миңдей адам өчүрүп жүрөт жана 400дөй техника каражаты колдонулууда.

Август айынан башына карата жалпысынын өрт чалган токойлордун аянты дээрлик үч миллион гектарга жетти.

Красноярск крайында 1-августта өрткө байланыштуу алгачкы кылмыш иши козголду. Токой чарба министрлигинин аталган аймактагы кызматкерлерине «Шалаакылык» беренеси боюнча айып коюлду. Кылмышка шектүү адамдардын саны айтылган жок.

XS
SM
MD
LG