Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:58

Караколдун кире беришине 25 метрлик бийиктикке желек орнотулат


Каракол шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Каракол шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Шаар куруу кеңешмеси Каракол шаарынын Жусуп Абдрахманов жана Николай Пржевальский көчөлөрүнүн кесилишине Кыргызстандын желегин орнотуу боюнча долбоорду кабыл алды.

Архитектор Дастан Турганбаев бул жолдордун кесилишинде турган айланма жол 22 метрден 30 метрге чейин кеңейтилип, бийиктиги төрт метрди түзгөн сегиз кырдуу темир конструкция жасаларын билдирди.

Дастан Турганбаев айланып өтүүчү курулма Балыкчы шаарынын эле долбоору экенин, бирок Каракол шаарыныкы сегиз кырдуу болуп, ага Жети Акенин элеси түшүрүлүп, Каракол шаарынын тарыхы жазылаарын жана туу 25 метр бийиктикте орнотулаарын кошумчалады.

Реконструкция иштерин ушул жылдын 20-сентябрына чейин бүтүрүү каралган. Шаар бийлиги курулуш иштерин инвесторлор каржылай турганын билдирди. Бул Каракол шаарынын 150 жылдыгына карата белек болот. (KS)

XS
SM
MD
LG