Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

ЖЭБ иши: Жетекчилерге сот өкүмү өзгөрдү, Кыдырбаев бошотулду


ЖЭБ.
ЖЭБ.

6-августта Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка байланыштуу иш каралып, Биринчи май райондук соту чыгарган чечим өзгөртүлдү.

Ал чечимге ылайык соттолуучулар - «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, «Электр станциялары» компаниясынын мурдагы башчысы Узак Кыдырбаев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов - материалдык чыгым катары «Электр станциялары» компаниясынын пайдасына 3 млн. 808 миң 702 сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Ал эми ушул эле соттолуучулар «Бишкек жылуулук түйүнү» ишканасынын пайдасына материалдык чыгым катары 1 млн. 376 миң 682 сом төлөп бериши керек.

Калиевдин, Кыдырбаевдин жана Бримкуловдун жаза мөөнөтү боюнча чечим өзгөртүүсүз калды. Бирок Кыдырбаевдин жаза мөөнөтү аяктагандыктан сот залынан бошотулду. Айыпталуучулардын жактоочуларынын доо арыздары канааттандырылган жок.

12-апрелде Биринчи май райондук соту Айбек Калиевди 2,5 жылга кесилип, 100 миң сом айыпка жыккан. Узак Кыдырбаев төрт жылга кесилип, 150 миң сом айыпка жыгылып, сот залынан камакка алынган. ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2,5 жылга соттолуп, 100 миң сом айып төлөмөк.

Мындан сырткары Нурлан Садыков 2,5 жылга соттолуп, мамлекетке 100 миң сом айып төлөмөк. «Электр станциялары» компаниясынын башчысынын орун басары Бердибек Боркоев сегиз жылга кесилип, 150 миң сом айыпка жыгылган. ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулу төрт жылга кесилип, 150 миң сом айып салынып, сот залынан камакка алынган. ЖЭБдин мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков төрт жылга кесилген жана 150 миң сом айыпка жыгылып, сот залынан камакка алынган. Айыппулдан сырткары күнөөлүү деп табылгандар мамлекетке 3 млн. 212 миң 259 сом төлөп берүүгө милдеттендирилген. ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча сот 2018-жылдын 12-октябрында башталган.

Жалпы жонунан Бишкек ЖЭБиндеги жагдай боюнча беш кылмыш иши козголгон. Модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу экс-премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баштаган сегиз кишиге айып коюлган.

2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, 20 градустан ашкан катуу суукта абоненттер беш күн бою жылуулуксуз калган. Бул кырдаал андан жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча элдин нааразылыгын жараткан.

XS
SM
MD
LG