Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Солтон-Сары жайгашкан Нарын районунда мобилдик Интернет үзгүлтүккө учуроодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында соңку эки күндөн бери мобилдик операторлордун Интернет кызматы жакшы иштебей жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» кайрылган угармандар да, радионун облустагы кабарчысы да билдиришти.

Негизинен нааразылык «Мегаком» менен «Билайнга» байланыштуу экени айтылууда.

«Мегаком» компаниясы түзүлгөн жагдайга электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жатканы себеп болуп жатканын билдирди. Ишкананын басма сөз катчысы Жумгалбек Өмүрканов бул тууралуу:

- Биздин техникалык адистер электр энергиясы үзгүлтүккө учурагандыктан ушундай болуп жатканын айтышууда. Саат 13:00гө чейин жаңы генераторлор орнотулат, - деп комментарий берди.

Ал эми «Билайн» компаниясынын басма сөз катчысы Марина Ким «Нарын жана Кочкор райондорунда Интернеттин жоктугуна транспорттук түйүндөгү авариялык иштер себеп болду. Авария бизден көз каранды эмес себептерден улам болгон. Сервис бүгүн 7-августта саат 11:00дө толугу бойдон калыбына келтирилди» деген жообун берди.

«Чыгышэлектр» ишканасы Интернеттин жоктугуна тиешеси болбогонун билдирүүдө.

Ишкананын Нарын филиалынын техникалык директору Исмаил Жабагиев «Азаттыкка» айтканына караганда, кышка даярдык көрүү максатында өкмөттүн токтомунун алкагында график боюнча улам бир жерде күнүнө бир нече саатка жарык өчүп жатат, бирок Интернеттин үзгүлтүккө учурашына алардын тиешеси жок.

- Ар биринин кубат берүүчү автономдуу түйүнү бар. Биз башынан ошондой техникалык талап коебуз, алар аткарат. Жарык өчсө ошол түйүндөн электр алат. Бизди шылтоолоп жатышат, - деди ал.

Нарын району соңку 2-3 күндөн бери өлкөнүн көңүл борборунда турат. Солтон-Сары алтын кенинде жергиликтүү тургундар алтын казган кытай компаниясына нааразылык акциясын уюштуруп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG