Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 10:28

Зеленский Путин менен телефондон сүйлөштү


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Орусиянын президенти Владимир Путин. Иллюстрациялык сүрөт.

Украин президенти Владимир Зеленский өлкө чыгышында жикчилдердин ок атуусунан төрт жоокер каза тапкандан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн айтты.

«Мен дароо телефон чалып, ага бул бизди тынчтыкка алып барбай тургандыгын айттым», - деди Зеленский Киевдеги басма сөз жыйынында. Ал Путинге Москва колдогон жикчилдерди «биздин элди өлтүрүшүн токтотушун суранууга» чакырды.

Украин президенти Путин ага айрым убадаларды бергенин, бирок бул эмне убадалар экенин кийинчерээк айта турганын билдирди.

Украин жана орус президенттеринин телефондогу сүйлөшүүсү тууралуу Кремль эч кандай маалымат тараткан жок.

Бул - Владимир Зеленскийдин май айында президенттик кызматка киришкенден бери Путин менен экинчи ирет телефондон сүйлөшүүсү.

Коргоо министрлигинин 6-августтагы маалыматына караганда, Донецк облусундагы орусиячыл жикчилдердин аткылоосунан төрт украин жоокери каза тапкан.

БУУнун санактарына ылайык, 2014-жылдан бери Донецк жана Луганск облустарын көзөмөлдөгөн орусиячыл жикчилдер менен украин жоокерлеринин ортосундагы тирешүүдө 13 миңдей киши каза таап, 1,5 миллиондой киши жер которууга мажбур болгон.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG