Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:16

Пентагон «Ислам мамлекети» террордук уюмунун коркунучун белгиледи


«Ислам мамлекети» террордук уюмунун согушкерлеринин балдары.
«Ислам мамлекети» террордук уюмунун согушкерлеринин балдары.

Ирак менен Сирияда «Ислам мамлекети» террордук уюмунун көмүскө жактоочуларынын саны 18 миңге чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин башкы инспектору Гленн Файндын баяндамасында айтылат. Анын сөзүнө караганда, аймакта АКШнын аскердик курамынын азайышы - террористтик топтун бекемделишинине шарт түзгөн жагдайлардын бири.

АКШнын президенти Дональд Трамп былтыр декабрда Сириядан америкалык аскерлер чыгарыла турганын жарыялаган. Ал муну согушкерлер «толук жеңилгени» менен түшүндүргөн. Бирок президенттин аскерлерди толук чыгаруу боюнча чечимине коргоо министри Жеймс Мэттис каршы болуп, кызматынан кеткен. Жыйынтыгында аскер жетекчилиги Трампты Сирияда аскерлердин бир бөлүгүн калтырууга көндүргөн.

Бириккен Улуттар Уюмунун серепчилер тобу да өткөн жумадагы баяндамасында «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу жеңилгени менен анын көмүскө очоктору кайра жанданышы мүмкүн экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG