Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Атамбаевди кармоо аракети: эл менен күч органдары кагылышты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө 7-августта кечки саат 20:00дөн кийин атайын даярдыктагы куралчан күч кызматкерлери келген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы маалында жаракат алган атайын даярдыктагы бөлүктүн 22 жаштагы бир кызматкери каза болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Саламаттык сактоо министрлиги ага үй тараптан аскердик ок атылганын билдирди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель-ТВ” телеканалы аркылуу кайрылууда өзүн кармоо операциясы маалында карапайым адамдар жабыркаганын айтып, аларга каршы желим гана эмес, "коргошун ок да колдонулду" деп айтты.

Мурдагы президенти кармоо операциясы 7-августта кечки саат 8дер чамасында башталган. Интернетке жарыяланган видеолордон атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери мурдагы президенттин үйүнүн короосуна кирип келгенде жансакчылар Атамбаевди коопсуз жерге алып кетүүгө үлгүргөнүн көрүүгө болот.

Операция Атамбаевдин тарапташтары менен күч кызматкерлеринин тиреши, кайым айтышуусу, октордун добушу менен коштолуп жатты. Мурдагы президенттин үйүнүн короосунун бир канча жери өрттөлдү. Кой-Таштагы окуяда жараланган баш-аягы 43 киши, алардын ичинде күч түзүмдөрүнүн кеминде 15 өкүлү ооруканага жеткирилди.

Атайын операция башталгандан эки сааттай убакыт өткөндөн кийин бир канча телеканалдар көрсөтпөй калды. Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери желим окторду гана колдонгонун, Атамбаевди кармоо операция уланып жатканын маалымдаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Бабанов: Кой-Таштагы окуя үчүн жоопкерчилик баары бир президентте

“Республика” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы, андан кийин бир нече киши жараат алган Кой-Таштагы кагылыш боюнча билдирүү жасады. Ал мурдагы жана азыркы башчыларга кайрылып, эл менен укук коргоо кызматкерлерин козутпай, бөөдө кырсыкты курчутпай, тирешүүнү токтотууга чакырды. Бул тууралуу саясатчы өзүнүн “Фесбуктагы” баракчасына жазды.

“Учурдагы окуяга жоопкерчилик баары бир өлкө президентине тийиштүү болуп калат. Тилекке каршы, курмандык болду. Азыр бул жарандык тирешүүгө алып келип бараткан жеке конфликттин улантылышына эч жол бербей, токтотуш керек! 2002-жылы Аксыдагы кан төгүүгө жол бергени үчүн элибиз Акаевди эч качан кечирбейт, 2010-жылы Таластагы жана Бишкектеги кан төгүүлөр үчүн элибиз Бакиевди эч качан кечирбейт. Каргашалуу тарыхыбызды экинчи эч кайталабайлы!” – деп жазган.

Ниязов: Атамбаев үйүндө, ал жакта кармалган жоокерлерди коё берүүнү эл чечет

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө, саат 11ге жакын ал ошол жерде чогулуп турган тарапкерлери менен жолугары айтылууда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Атамбаевдин тарапкери Фарид Ниязов билдирди.

Ниязовдун айтымында, колго түшүрүлгөн күч кызматкерлери дагы эле Атамбаевдин үйүндө, абалы жакшы. “Аларды коё бериш керекпи же жокпу, эл чечет” деп билдирди Ниязов. Анын белгилешинче, жараат алган күч кызматкерлерин ооруканага алып кетишкен, ал жакта отургандардын жарааты жок.

Ушу тапта Кой-Ташта 200дөй адам чогулуп турат. Жогорку Кеңештин депутаттарынан Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Бакыт Жетигенов жүрөт.

7-августта Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды.

Жээнбеков Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогултту

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

Мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдиргендей, прессасыз өтүп жаткан жыйындын күн тартибинде «2019-жылдын 7-августунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуздукту жана тартипти камсыздоо» деген маселе турат.

7-августта Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. 48 адам жабыркап, бирөө каза болду.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 7-августта кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкекке келген. (RK)

“Ата Мекен”: Атамбаев артка кайтпайт, күч колдонууну токтотуу керек

“Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев артка кайтпайт, күч колдонуп тирешүүнү токтотуу керек” деген билдирүү таратты 8-августта “Ата Мекен” саясий партиясы.

Партия мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго жолдогон билдирүүсүндө Атамбаевди кармоо аракети туңгуюкка кептелгенин, адам өмүрү кыйылганын, күч органдары тапшырманы аткара албай койгонун белгиледи.

“Тез арада күч колдонууну токтотуп, маселени чечүүнүн башка жолдорун издөөнү талап кылабыз. Антпесе азыркы абал жарандык согушка өтүп кетиши ыктымал” деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

Атамбаевди кармоо операциясы 7-августта кечинде башталган. Анын тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG