Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:36

Кулов: Кой-Таштагы окуянын мыйзамдуулугун караш керек


Кой-Таш.

Чүйдөгү Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө атайын бөлүктүн аскерлеринин барышынын мыйзамдуулугун карап чыгыш керек. Мындай пикирин "Азаттыкка" саясатчы Фелик Кулов билдирди:

- Эгер соттун чечими болсо жана атайын бөлүктөгү аскерлердин барышы тергөөнүн аргасыз кадамы деп саналса, анда менде мыйзамдуулукка байланыштуу көп суроо жаралууда. Тергөө кай бир себептен улам шектүүнүн же айыпталуучунун үйүнө бара турган болсо, алдын-ала маалымдайт. Күч органдары жөндөн-жөн бастырып барышына ишене бербейм.

Атамбаевдин үйүнө атайын бөлүктүн аскерлери бастырып киргенин Кыргызстан социал демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева 7-августта кечки саат сегизге жакын кабарлаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Атамбаевди кармоо операциясы жүрүп жатканын маалымдады.

КСПДнын төрага орун басары Фарид Ниязов Атамбаев өзү үйүнүн ичинде экенин айтты. Атайын кызматкерлер кирүү аракетин көрүүдө. Короодо Атамбаевдин 200дөн ашык тарапкерлери чогулуп турушат. Ниязов 4 адам жарат алганын жана аларга тез жардам киргизилбей, ооруканага жеткирүүгө уруксат берилгенин билдирди. Мурдараак Атамбаевдин тарапкерлери ондой адам жарадар болгонун айтышкан.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан.

Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштап, Атамбаевди күбө катары чакырган.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан.

Атамбаевдин тарапкерлери парламенттин чечиминен соң аны колдоп Кой-Таштагы үйүнө штаб ачып, ошол жерде отурушат. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG