Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Сариев: Мамлекеттик саясатта эрегишүү жакшылыкка алып келбейт


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Мамлекеттик саясатта тирешүү, эрегишүү жакшылыкка алып келбейт. Бул тууралуу экс-премьер-министр Темир Сариев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы боюнча пикирин билдирген учурда айтты. Ал соңку кырдаал боюнча өкмөттүн жана күч түзүмдөрүнүн башчылары коомчулукка маалымат берип турушу зарыл деп эсептейт.

- Абал абдан курчуп кетти, - деди ал. - Тилекке каршы мындай учурда өкмөт башчысы жана укук коргоо органдарынын башчылары элге эмненин негизинде мындай болуп кеткени тууралуу эч кандай кайрылуу жасаган жок. Биринчиден, ок атылып кетти. Бир топ адамдар жараат алышты. Мурдагыдай эле күч түзүмдөрүнүн кызматкери сабалды. Абал чектен чыгып атат. Сөзсүз түрдө чукул сессия чакырылып, талкууланышы керек. Ага чейин өкмөт башчы кайрылып, курал колдонууну токтотуусу керек. Башыбыздан мындай нерселер өткөн. Өтө этият болушубуз керек.

Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштады. Кырдаал курчуп, ок атылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ар кандай жараат менен 25 киши ооруканага жаткырылды. Министрлик Атамбаевди кармоо операциясында жарадар болгон атайын бөлүктүн аскери каза болгонун ырастады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим октор гана колдонулганын маалымдаган.

Бир аз мурдарак ИИМ коомдук тартипти камсыз кылыш үчүн кошумча күч тартылганын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG