Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:43

Кой-Таштагы окуя боюнча бир нече иш козголду


Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда тартылган сүрөт. 7-август. 2019. Кой-Таш.
Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда тартылган сүрөт. 7-август. 2019. Кой-Таш.

Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы кагылышуу боюнча кылмыш иштери козголду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы сотко чейинки тергөө амалдары башталганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 7-августтагы факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264 жана 266-беренелери («Массалык башаламандык» жана «Бейбаштык») боюнча каттоого алынды.

7-августта Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда күч органдары менен анын тарапкерлери кагылышты. Прокуратура тараткан маалыматта ооруканага түшкөндөрдүн саны 48 кишиге жеткени айтылат. Алардын 22си УКМКнын, экөө ИИМдин, 23 жөнөкөй жарандар. Күч түзүмдөрүнүн бир өкүлү каза тапты.

Топтолгон материалдардын негизинде факт Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук» беренелеринин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Мындан сырткары Атамбаевдин тарапташтарынын УКМКнын кызматкерлерин туткунга алышы боюнча Жазык кодексинин 244-беренеси («Туткунга алуу») боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда жогоруда аталган фактылар боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу бүгүн Коопсуздук кеңеши өттү, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат.

ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тартып келген. ИИМ буга чейин Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошоп, Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча күбө катары чакырылганын билдирип келген. Кой-Таштагы окуялардан кийин аталган мекеме «Батукаевди чыгарууда Атамбаевдин түз тиешеси болгон» деген маалымат таратты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG