Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:38

Жээнбеков Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогултту


Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, журналисттерди катыштырбай өтүп жаткан жыйындын күн тартибинде «2019-жылдын 7-августунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуздукту жана тартипти камсыздоо» деген маселе турат.

7-августта Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. 48 адам жабыркап, бирөө курман болду.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 7-августта кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкекке келген. (RK)

XS
SM
MD
LG