Жаш активисттер «Жаңы Дем» деп аталган кыймыл түзүштү. Бул тууралуу Тилек Токтогазиев, Улан Үсөйүн, Союзбек Надыркулов, Нурсултан Кубанов сыяктуу активисттер «Фейсбуктагы» баракчаларына жарыялашты. Демилгечилердин бири Улан Үсөйүн кандай гана кырдаал болбосун жаштарды тынчтыкты сактоого чакырууда.
«Топту түзгөн жаштар азыр жолугуп жатабыз. Биз кырдаалга, маалыматка жараша аракет кылабыз. Азыр топко 1000дей адам кошулду. Алар кандай кадам болот деп күтүп жатышат. Биз кандай гана кырдаал болбосун тынчтыкты сактоого аракет кылабыз».
7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. Ал учурда Кой-Таштагы үйүндө экени айтылууда. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулду. Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга түштөн кийин чогулат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, эртең мененки саат 10:30га карата Кой-Таштагы окуяда жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 52ге жетти. Алардын 20сы үйүндө дарыланып жатат. (КЕ/ATo)