Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:35

ЖЭБ сотунда айыпталуучулардын бөгөт чарасы узартылды


Бишкек Жылуулук электр борборундагы иш боюнча айыпталуучу катары өтүп жаткан адамдар.

Свердлов райондук сотунда бүгүн Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча соттук отурум уланды. Соттук жараянга айыпталуучу катары өтүп жаткан Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Ольга Лаврова, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов жеткирилген жок. Алардын ордуна жактоочулары гана катышты.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жасынова «Азаттыкка» билдиргендей, жыйында судья Инара Гилязетдинова айыпталуучуларга карата бөгөт чарасын узартып, 12-октябрга чейин камакта калтыруу жөнүндө чечимин чыгарды.

Өз кезегинде жыйынга катышкан жактоочулар соттун чечими айыпталуучулар жок чыгарылганын мыйзамсыз экендигин айтып калышты.

Сегиз айыпталуучунун баш-аягы 20га жакын жактоочусу бар. Мамлекеттик айыптоочу тараптан алты прокурор иштеп атат. Кылмыш иши быйыл 18-февралдан бери сотто карала баштаган.

Жалпы жонунан Бишкек ЖЭБиндеги жагдай боюнча беш кылмыш иши козголгон.

2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, 20 градустан ашкан катуу суукта абоненттер беш күн бою жылуулуксуз калган. Бул кырдаал андан жарым жыл мурда модернизацияланган ишканага карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча элдин нааразылыгын жараткан. (SDz)

XS
SM
MD
LG