Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:25

Тажикстан: балдарын жана күйөөсүн ууландырып өлтүргөн аял соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда Куляб соту Хамадони районунун тургуну Мавлуда Одилова кыздарын жана күйөөсүн ууландырып өлтүргөн деп тапты жана аны 24 жылга эркинен ажыратты.

Анын алты жана үч жашар эки кызы былтыр июль айында, күйөөсү алардан бир айдан кийин каза тапкан. Тергөөчүлөр аял аларга айыл чарбасында колдонулуучу уулуу химикат кошулган тамак бергенин аныктаган.

Мавлуда Одилова былтыр жыл этегинде кайталап өткөрүлгөн соттук-медициналык экспертизанын кортундусунан кийин камакка алынган. Ал башында күнөөсүн мойнуна алган жана мындай кадамга күйөөсүнүн кордугуна чыдабай барганын айткан. Кийинчерээк берген көрсөтмөсүнөн танып кеткен.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги Одилова жалпысынан тогуз адамга уу кошулган тамак бергенин, алардын катарында 1,5 жашар баласы, кайненеси менен кайнатасы болгонун, бирок алардын өмүрүн сактап калышканын билдирген.

XS
SM
MD
LG