Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Опумбаев: Жээнбековго кызматтан кетүү ниетимди билдирдим


Орозбек Опумбаев.
Орозбек Опумбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Орозбек Опумбаев Кой-Таштагы окуялардан кийин кызматтан кетүү ниетин президент Сооронбай Жээнбековго билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн эртең менен Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтканын Жогорку Кеңештин кесексиз сессиясында депутат Мирлан Жээнчороевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

- Мен Коопсуздук кеңешинин жыйынында Сооронбай Жээнбековго кызматтан кетүү ниетимди билдирди. Чындыгында бул жерде менин да күнөөм бар. 3,5 миң кызматкердин бардыгын алып чыкканда мындай болбойт беле? - деди Опумбаев.

Опумбаевдин бул айткандарын депутат туура эмес көрүп: «Бардык айылды жок кылат белеңер?» деп сурады. Опумбаев аскерлер куралсыз болгонун, алар коопсуздукту камсыз кылышарын кошумчалады.

Эл өкүлдөрү Кой-Таштагы окуядан кийин бардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кызматтан кетиши керектигин айтып чыгышты. Бул маселени "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, депутат Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев көтөрдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG