Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 06:37

Кой-Таштагы окуяда жабыркагандардын саны 80 кишиге жетти


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жабыркаган жарандардын саны 80ге жетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Анын айтымында, 7-августта Кой-Таш айылында жабыркап, «Тез жардам» линиясы менен ооруканага түшкөндөрдүн саны 53. Дарыгерлер 21 кишиге жеринде жардам көрсөтүшкөн. Мунун алдында барымтадагы атайын кызматтын алты аскери коё берилген. Алардын саламаттыгын дарыгерлер текшерип жатат. Ушул тапта бир адам Чүй облустук ооруканасынын реанимациясында. Абалы орточо оор.

Дарыгерлер Травматология жана ортопедия борборунда жаткан Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалын өтө оор деп мүнөздөп жатышат. Ага эки жолу операция жасалды, азырынча эсине келе элек. Дагы бир күч органынын кызматкери алган жараатынан улам ооруканада каза болгон. 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Учурда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы болуп жатат. (КЕ/AiA)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG