Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Курчоодо калган милиция Беш-Күңгөйгө келип калды


Кой-Таштан кайтып келаткан милиция. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таштан кайтып келаткан милиция. 8-август, 2019-жыл.

Кой-Таштагы операциядан кийин кайтып келатып мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин курчоосунда калган милиция кызматкерлери Бишкекке жакындап, Беш-Күңгөй айылына келип калды.

«Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдаганына караганда, милиционерлердин саны 500дөй киши, ал эми аларды бир эле тарабынан сүрүп келе жаткандар миңге чукул. Мындан тышкары, чогулгандарга улам бир айылдан адамдар кошулуп, милицияга каршылык көрсөтүүгө аракет кылып жатышат.

Милиция желим ок жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонууда.

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин Кой-Ташка алып барган бир автобус Таш-Мойнок айылында талкаланды.

Жараат алган милиционерлерди медицина кызматкерлерди алып кетүүдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG