Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:35

Асел Кодуранова ИИМге суракка чакырылды


Асел Кодуранова.
Асел Кодуранова.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Асел Кодуранованы милиция кызматкерлери үйүнөн алып кетишти. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган партиянын мүчөсү Кундуз Жолдубаева кабарлады. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов Кодуранова соңку окуяларга күбө катары суракка чакырылганын билдирди.

8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жансакчылары Ички иштер министрлигинин имаратында сурак беришкени кабарланган. Жолдубаева мурдагы мамлекет башчынын айрым тарапташтары бүгүн кайра суракка чакырылып жатканын билдирди. Ал өзү да бүгүн 12:00гө чакырылган.

8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн, сүйлөшүүлөрдөн кийин кармашкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG