Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

КСДПнын расмий өкүлү Жолдубаева үчүнчү жолу суракка чакырылды


Кундуз Жолдубаева
Кундуз Жолдубаева

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үчүнчү жолу суракка чакырылды. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, учурда Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгында суракта отурат.

Адвокат Жоошев Жолдубаева 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча күбө катары суралып жатканын кошумчалады.

Кундуз Жолдубаева буга чейин эки жолу ИИМге сурак берип чыккан эле.

9-августта Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын бир нече мүчөсү жана саясатчы Равшан Жээнбеков суракка чакырылган.

Карамушкина менен Кодуранова бүгүн суракка чакырыла электигин “Азаттыкка” кабарлашты. Ички иштер министрлиги болсо учурда расмий эч кандай комментарий бере элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG